Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ – бир катар чет мамлекеттерде мамлекеттик бийлик органдарынын биригүүчү ченемдерин, тутумдарын белгилөөчү, алардын максат-милдеттерин, ичара мамилелерин, түзүлүш тартибин жана айрым убактарда административдик-аймактык түзүлүшүнүн ченемдерин аныктоочу конституциялык-укуктук институттун аталышы. Эреже катары, тийиштүү ченемдер Конституциялардын окшош аталыштагы бөлүктөрүндө аныкталат. КРде андай институт «Мамлекеттин түзүлүшү жана иши», Бразилияда – «Мамлекеттин уюштурулушу», Өзбекстанда – «Мамлекеттик бийликтин уюштурулушу» деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ – конституциялык укук ченемдеринде белгиленген жана бекитилген социалдык, экономикалык жана саясий-укуктук мамилелердин тутуму. М. т. конституциялык түзүлүш дегенге караганда бир кыйла кеңири түшүнүк болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШТҮН ТАРИЗИ – конституциялык укук теориясында союз түзүүчү мамлекеттердин же мамлекеттин аймактык уюштуруу ыкмасы. Үч М. т. т. айырмаланат: федеративдик (биримдик), конфедеративдик (кошунду) жана унитардык (бирөңчөй) мамлекет. Калкынын курамы көп улуттуу өлкөлөргө карата кээде «улуттук-мамлекеттик түзүлүш таризи» деген түшүнүк колдонулат.